Кыргызстан менен Армения кызматташуу боюнча документтерге кол койду


Садыр Жапаровдун Арменияга жасаган расмий сапарынын алкагында жарандардын өз ара сапар тартиби, 2027–2029-жылдарга кызматташуу боюнча жол картасы, билим берүү, илим, экология, пенсия менен камсыздоо, жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы келишимдерге кол коюлду.

Ошондой эле Ысык-Көл менен Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташуу меморандуму кабыл алынып, Бишкек — Ереван ортосунда боордоштук мамиле түзүү макулдашылды.