Суваналиев менен Жапыкеев кыргыз тилинен кайра тест тапшырса болот


Президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирген Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев мамлекеттик тил боюнча сынакты үч жумуш күнүнөн кийин кайра тапшырса болот. Бул тууралуу “Кыргызтест” мекемеси кабарлады.

““Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин жалпы ички тартибине ылайык субтесттин бирөөнөн 50-59 балл алып, өтпөй калган жарандар тестти 3 жумушчу күндөн кийин кайра тапшыра алышат.

Башкача айтканда, аталган жарандар тил сынагынан өтпөй калды деп айтуу эрте”,-деп жазылат мекеменин маалыматында.

Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев 8-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алышкан эмес.