Ош шаарында 69,76 гектар аянтка агроөнөр жай комплексин куруу пландалууда. Аймак 18 лотко бөлүнүп, фермерлер менен ишкерлерге ижарага берилет. Бул жерде мал чарба фермалары, эт жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалар, лабораториялар жана муздаткыч кампалар жайгашат.
Мэрия долбоорго 1 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Комплекс ишке кирсе, 980ден ашык туруктуу жумуш орду түзүлөт. Ошондой эле «Коңур-Жаз» участогунда көлөмү 20 миң куб метр болгон суу сактагыч курулууда. Ал 400 гектар кайракы жерди сугат суу менен камсыздап, малдын тоют базасын чыңдоого жардам берет.

