Өлкөдө алимент төлөбөй жүргөндөрдүн жалпы карызы 6 миллиард сомго жакындады


Кыргызстанда алимент төлөбөй жүргөндөрдүн жалпы карызы 6 миллиард сомго жакындады. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынын өкүлү Болот Молдобеков билдирди.
Анын айтымында, алимент өндүрүү боюнча кайрылгандар көбөйүп, өндүрө албай даттангандар азайган.
2026-жылдын тогуз айында ИИМге 1 623 материал жөнөтүлүп, 1 408 иш козголгону айтылды, анын 982си сотко өткөн.
Молдобеков алиментти үч ай төлөбөгөндөрдү сот үч суткага камакка алышы мүмкүн экенин, бир жылдан ашык төлөбөгөндөр үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын белгиледи. Карызкор аты-жөнүн өзгөртсө да өлкөдөн чыгууга коюлган чектөө алынбайт.