Шакиранын концертине 40-45 миңге жакын көрүүчү келди


Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Бишкекте өткөн дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти тууралуу айтып жатып, ага 40-45 миңдей көрүүчү келгенин билдирди.

Анын айтымында алардын 25 миңге жакыны 30дан ашук чет мамлекеттен келген туристтер, алардын катарында Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Россия, араб өлкөлөрүнөн келген коноктор бар.

Кубатов кошумчалагандай, 2027-жылы «Бишкек аренада» 12-15 ири иш-чара өткөрүү пландалууда.