Бишкек шаардык кеңештин депутаты кармалды


«Жаңы күч — Новая сила» фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин 28 жана 29-чакырылыштарынын депутаты Таалайбек Маматович Жакыпов кармалды. Ал алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына шилтеме берүү менен Kaktus.media жазды.

Октябрь райондук сотунун 22-октябрдагы чечими менен айыпталуучу Ж. Т. М. 2026-жылдын 20-декабрына чейин үй камагына алынган. Ал сот залынан камактан бошотулган.