Мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов абактан чыкты


Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты.

Мындай токтомду 8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мурдагы министр 3-октябрда кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылганы белгилүү болгон. Ал сот чечими менен 3-декабрга чейин камакка алган болчу.

ИИМ козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.