Ош облусунда Ош – Кара-Суу унаа жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында жолду кеңейтүү жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 18 чакырым 690 метр болгон жол тилкеси толугу менен жаңыланат. Жолдун туурасы 22 метрге чейин кеңейтилет.
Жолго эки катмар асфальт төшөлөт. Жолдун эки тарабына туурасы 3 метрден болгон тротуарлар жана веложолдор курулат.
Министрликтен белгилешкендей, долбоордун алкагында жалпы төрт көпүрө куруу каралган. Учурда алардын үчөө толугу менен курулуп бүтүп, бир көпүрөдө курулуш иштери улантылууда.
Учурда жеринде 120 атайын техника, 150 кызматкер иш алып барууда.

