УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен алар 9-ноябрга чейин үй камагында болот.
Башкы прокуратуранын 10-октябрдагы маалыматына ылайык, Аскер прокуратурасы коррупциялык көрүнүштөр боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө учурунда ишкерлерден өзгөчө көп суммада пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктаган.
Курванбек Авазов менен Каныбек Досмамбетов Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кармалып, камакка киргизилген.

