Борборчул-солчул саясатчы жана учурдагы мамлекет башчысы Бразилиядагы президенттик шайлоонун экинчи турунда жеңишке жетти. Да Силва шайлоочулардын 51,8 пайыз добушун, ал эми анын атаандашы — оңчул популист, сенатор Флавиу Болсонару 48,2 пайыз добушун алды. Флавиу Болсонару — өлкөнүн мурдагы ультраоңчул президенти Жаир Болсонарунун уулу.
Бул Бразилиянын тарыхында шайлоонун биринчи турунда экинчи орунду ээлеген талапкердин экинчи турда жеңишке жеткен алгачкы учуру болду. Да Силва президенттик кызматка катары менен эмес, төртүнчү жолу келет.
Ошол эле учурда Болсонару жеңилгенин моюнга алуудан баш тартып, добуш берүүнүн убактысы узартылганын жүйө келтирип, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга чакырды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.
Буга чейин Да Силва менен Болсонару Бразилиянын айрым аймактарындагы транспорт көйгөйлөрүнө жана аба ырайынын шарттарына байланыштуу шайлоо участкаларынын иш убактысын узартууну суранышкан. Жогорку соттун судьясы Криштиану Занин добуш берүү аяктаарына болгону үч мүнөт калганда шайлоо убактысын дагы эки саатка узарткан.

