Сууга агып бара жаткан баланы куткарып калган Бекен Асанбековго милиция ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен кабарлашты.
Буга чейин социалдык тармактарда каналда агып бара жаткан баланы байкап, артынан түшүп куткарып калган жигиттин видеосу тараган. Кийин милиция окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирген.
Көрсөткөн эрдиги үчүн борбор калаанын милициясы Асанбековго Ыраазычылык кат тапшырды.
«Бул — жарандык жоопкерчиликтин, адамгерчиликтин жана кыйынчылыкка кабылган адамдарга жардам берүүгө даяр болуунун жаркын үлгүсү. Мындай аракеттер коомдо баалуулуктарды бекемдейт», — дешти милициядан.
Тартип сакчылары жарандарды айлана-чөйрөдөгү окуяларга кайдыгер карабоого чакырат. Ошол эле учурда өзгөчө кырдаалдарда алгач өз коопсуздугун эске алып, тез арада тиешелүү ыкчам кызматтарга кабарлоо зарылдыгын эскертет.

