Айгүл гүлү, анар жана Кыргызстандын ак илбирси белгилүү кытайлык дизайнер Фань Яньянь жасаган жибек жоолуктардын көркүн ачты. Бул буюмдар 2023-жылы «Кытай — Борбордук Азия» саммитинин ардактуу коноктору үчүн расмий белектер катары тандалып алынган.

Кыргыздын улуттук оюмдары кытай жибегинде кантип пайда болгон?
Баары Кыргызстандан келген эки студенттин идеясынан башталган. Алар саймаларды ойлоп табышып, ал эми кытайлык чеберлер сүрөттөрдү жибек буюмдарга түшүрүү менен аларды ишке ашырышкан.
Кытайлык дизайнер Фань Яньянь эмгектеринде кыргыз символдору — Айгүл гүлү менен ак илбирс, лотос жана анар сыяктуу салттуу кытай мотивдерин айкалыштырган. Ошентип, кылымдар бою Улуу Жибек жолу байланыштырган эки элдин көркөм салты бир буюмдан табылып, кадимкидей гармония жаралган.

Жакында кыргыз журналисттеринен турган делегация Сиань шаарындагы Фань Яньяньдын чыгармачылык мейкиндигинде болуп, жибек менен иштөө искусствосу, анын тарыхы жана өнүгүүнүн заманбап багыттары менен таанышып келишти.

Фань Яньянь 20 жылдан ашык убакыт бери Дуньхуандын байыркы фрескаларын жибек буюмдарга көчүрүү менен алектенет.
Ал 2000-жылы Сиань көркөм сүрөт академиясын аяктагандан кийин Ганьсу провинциясына барып, ал жерде Могао үңкүрлөрүнүн жазууларын эки жыл изилдеп, көчүрүп чыккан. Бул тажрыйба анын мындан аркы чыгармачыл жолун аныктаган. Сүрөтчү алдына байыркы маданий мурастарды сактап калуу жана аны заманбап көрүүчүлөргө жеткиликтүү кылуу милдетин койгон.
2023-жылы Фань Яньяньдын буюмдары Сиань шаарында өткөн «Кытай — Борбордук Азия» саммитинин ардактуу конокторуна расмий белектер катары тандалып алынган. Атайын иштелип чыккан жибек жоолуктары салттуу кытай мотивдери менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын символдору менен бириктирилген.
Сүрөтчү азыркы күндө Кыргызстан менен маданий байланыштарды өнүктүрүүдө. Алсак, 2023-жылы жана 2026-жылдын август айында Бишкектеги Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде кытайдын жибек менен иштөө искусствосунун көргөзмөсүн уюштуруп, 2024-жылдын апрель айында Ош мамлекеттик университетине барып, анда искусство жана дизайн тармагындагы маданий алмашуунун жана кызматташтыктын келечегин талкуулаган.

Бул жоолуктардын тарыхы бүгүнкү күндө да дүйнө жүзүн бириктирип жатканын көрсөтүп турат. Эгерде мурда ал Чыгыш менен Батыштын ортосундагы маанилүү соода жолу болуп кызмат кылса, азыр маданий алмашуу, биргелешкен чыгармачылык жана салттарды сактоо мейкиндигине айланууда.
Дал ушул процессте жаштардын катышуусу өзгөчө мааниге ээ экенин көрсөттү. Анткени кыргыз студенттеринин идеялары кытай жибегинде ишке ашып, искусство Кыргызстандын улуттук маданиятын дүйнөгө таанытууга кандайча жардам береринин жаркын мисалы болуп калды.


