Караколдо 530 ипотекалык батирдин курулушу ноябрда аяктайт


Каракол шаарындагы «Хан-Теңири» турак жай комплексинин экинчи этабында курулуп жаткан 530 ипотекалык батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жооптуу кызматкерлерге батирлерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди. Ал ошондой эле комплексти жылуулук менен камсыз кылуучу откананын ишин көрдү.

Белгилей кетсек, былтыр комплекстин биринчи этабында 420 батир пайдаланууга берилген. Долбоор жалпысынан 69 турак жай блогунан турган 3 миң 430 батирди, эки бала бакчаны жана бир мектепти камтыйт.