«Кыргызсуудолбоор» ААКсы Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университети менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Тараптар тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо жана суу чарбасына заманбап технологияларды киргизүү боюнча макулдашты.
15–24-октябрда Кытайга барган кыргыз делегациясы Нанкин шаарындагы Хохай университетине да барып, лабораториялар жана адистерди даярдоо борборлору менен таанышты. Ошондой эле студенттерди жана «Кыргызсуудолбоордун» кызматкерлерин Кытайда окутуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

