Документтери жок мопед, мотоцикл жана скутерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды


Документтери жок мопед, мотоцикл жана скутерлерди мыйзамдаштыруу, ошондой эле алардын айдоочуларына А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү сунушталууда. Бул тууралуу президенттин жарлыгынын долбоорунда айтылат.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мындай транспорт каражаттарынын бир бөлүгү өлкөгө товар катары алып келинип, айрым учурларда мамлекеттик каттоодон өтпөй калууда. Аларды мыйзамдаштыруу транспорт каражаттарынын ээлерин аныктоого жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Долбоордо А1 категориясындагы айдоочуларды даярдоо курсунун мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартуу жана окуу үчүн жеңилдетилген тариф каралган.
Мындан тышкары, белгиленген мөөнөттө мыйзамдаштырылбаган транспорт каражаттары айып короого киргизилет. Аларды утилдештирүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Документ расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөн соң күчүнө кирери айтылды.