27-28-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясында рейд жүргүзүлуп, 4 600 метр эски синтетикалык тор жана 60 кг таштанды чыгарылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, тазалоо иштери Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын аймагында жүргүзүлдү.
Жыл башынан бери көлдөн жалпы 56 миң 200 метр балык уулоочу тор жана 1 миң 480 кг таштанды чыгарылды.
Иш-чаралар көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо жана суунун булганышын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

