Бүгүн, 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ganfeng Lithium Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда инвестиция тартуу, өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү жана Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар минералдык чийки затты казып алуу жана кайра иштетүү, заманбап технологияларды киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу багыттарындагы кызматташтыктын багыттарын карашты.

«Кыргыз Республикасы узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга, өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана заманбап технологияларды киргизүүгө кызыкдар. Биз эл аралык компаниялар менен кызматташууга ачыкпыз жана өлкөнүн жаратылыш ресурстарынын потенциалын натыйжалуу пайдаланууга, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди кароого даярбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттарын мындан ары изилдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу инвестиция тартууга, алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт.

