Мадумаровго кол салуу болду деген маалымат чындыкка дал келбейт


Ички иштер министрлиги саясатчы Адахан Мадумаровго кол салуу болгону тууралуу маалыматтарды төгүндөдү.
Буга чейин социалдык тармактарда саясатчыга кол салынганы тууралуу билдирүүлөр тараган. Министрлик текшерүү жүргүзүп, бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Ведомство жарандарды коомчулукту адаштырбоого жана маалыматтарды расмий булактардан текшерүүгө чакырды.