Бишкектеги жаңы Ош базарынын негизги курулуш иштери аяктады.
Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, учурда базарга баруучу жолду куруу, инженердик тармактарды орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.
Күн мурун башкамалыктын башчысы Каныбек Туманбаев жаңы базарга барып, курулуштун жүрүшү менен таанышты. Ал калган иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.
Жаңы «Ош» базарын 2027-жылдын жаз айларында ачуу пландалууда. Ал сырткы инфраструктуралык иштер толук бүткөндөн кийин пайдаланууга берилет.

