Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандардын аккаунттарына жана жеке маалыматтарына жетүү максатында жасалып жаткан интернет-алдамчылык фактыларынын көбөйүп жатканына байланыштуу жарандарга эскертет.
Улуттук уюлдук байланыш оператору MEGAнын маалыматына ылайык, акыркы күндөрү алдамчылык аракеттеринин массалык түрдө көбөйгөн учурлары катталууда. Алдамчылар өздөрүн уюлдук байланыш операторлорунун, банктардын жана башка мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, шектүү билдирүүлөрдү жөнөтүү аркылуу колдонуучулардын аккаунттарына, анын ичинде кеңири колдонулган мессенджерлерге кирүү үчүн ырастоо коддорун алууга аракет кылышууда.
Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги улуттук оператор MEGA менен биргеликте жарандарды санариптик коопсуздук эрежелерин сактоого жана өз аккаунттарын коргоого өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Аккаунттарды коргоонун натыйжалуу жолдорунун бири — эки факторлуу аутентификацияны колдонуу. Бул аккаунтка кирүү учурунда колдонуучунун ким экендигин кошумча тастыктоону талап кылган коргоо ыкмасы. Алдамчылар SMS-кодду же кирүү үчүн башка маалыматтарды билип алышкан күндө да, бул функция алардын аккаунтка кирүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн.
Аккаунттардын бузулуп кетүү коркунучун азайтуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталат:
-Мессенджерлердин жана башка сервистердин жөндөөлөрүнөн эки факторлуу аутентификацияны иштетүү. Мисалы, WhatsApp тиркемесинде «Аккаунт» → «Эки баскычтуу текшерүү» бөлүмүнө кирип, PIN-код орнотуу зарыл.
-Ырастоо коддорун, PIN-коддорду жана сыр сөздөрдү эч кимге билдирбөө. Сүйлөшүп жаткан адам өзүн байланыш операторунун, банктын же техникалык колдоо кызматынын кызматкери катары тааныштырса да, мындай маалыматтарды берүүгө болбойт.
-Шектүү шилтемелерге кирбөө жана белгисиз адамдардын өтүнүчү боюнча тиркемелерди орнотпоо.
-Шектүү кайрылууларды текшерүү. Эгер таанышыңыз шашылыш түрдө акча которууну же жеке маалыматтарды берүүнү суранса, аны менен башка байланыш каражаты аркылуу тактап алуу зарыл.
-Ишенимдүү сыр сөздөрдү колдонуу, телефондун экранын кулпулоо жана түзмөктү башка адамдарга бербөө.
WhatsApp аккаунттарын бузуп кирүүгө байланышкан алдамчылык схемаларына өзгөчө этият болуу керек. Башка бирөөнүн аккаунтуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алган алдамчылар анын байланыштарындагы адамдарга билдирүүлөрдү жөнөтүп, карызга акча сурап, адамдардын ортосундагы ишенимди өз кызыкчылыгына пайдаланып, алдамчылыкты улантышы мүмкүн.
ИИМ жарандарды ар дайым сак болууга, жеке жана купуя маалыматтарын бөтөн адамдарга бербөөгө жана алдамчылардын айла-амалдарына алданбоого чакырат.


