Биринчи айым Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча жыйынына катышты.
Ал үй-бүлөлүк зомбулук жана анын айланасындагы коомдук үн катпоо көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурду.
Айгүл Жапарова зомбулуктан жабыркаган аялдар менен кыздарга өз убагында укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүүгө чакырды.
«Келгиле, ар бир аял өз үйүндө өзүн коопсуз сезген, ар бир бала мээримге бөлөнүп чоңойгон коомду биргелешип түзөлү«, — деди биринчи айым.

