Бишкектин чыгыш айланма жолунун акысы 500 сомдун тегерегинде болору айтылды


Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев билдирди.
Долбоорду «Тез жол» компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан ашкан жол төрт тилкелүү болот.
«Учурда инженердик курулмалар 80 пайызга, жер иштери 50 пайызга бүткөн. Жолдон өтүү үчүн акы төлөө керек болот. Кире бериште унаанын мамлекеттик номери катталып, чыгып бара жатканда төлөм алынат. Техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, орточо баа 500 сомдой болот», — деди Кайымбаев.
Анын айтымында, компания жолду 1,5 жыл ичинде куруп, андан кийин дагы 28,5 жыл пайдаланат. 30 жылдык мөөнөт аяктаган соң жол бардык инфраструктурасы менен кошо мамлекетке өтөт.