Эми окуу китептеринин сапаты жакшыртылат


Мектептеги окуу китептеринин сапатын жакшыртуу максатында «Эксперт» аттуу автоматташтырылган маалымат системасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Жаңы санариптик платформа окуу китептерин эксперттик баалоого адистерди тартууну кыйла жеңилдетет.
Мындан тышкары, 2027-2030-жылдарда окуу китептерин басып чыгаруунун мамлекеттик программасынын долбоору да каралып, китептерге буйрутма берүүдөн тартып окуучуларга жеткирүүгө чейинки бардык процессти толук санариптештирүү милдети коюлду.
Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн жумушчу топтун жыйындары жума сайын өткөрүлүп турмакчы.