Бишкекте машинасынын ичинен аялды сөгүп, курал менен коркуткан киши кармалды. Бул тууралуу Шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 29-октябрда саат 10:25тер чамасында Айтматов проспекти менен Горький көчөсүнүн кесилишинде болгон. Автоунаадагы киши келинди сөгүп, ага курал кезеп, атып салам деп коркутканы тууралуу билдирүү милицияга түшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен иш козголуп, 37 жаштагы С.Б. Ленин райондук бөлүмгө жеткирилген. Курал алынып, автоунаасы айып короого токтотулган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

