Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу сунушун колдоду. Ал бул суусундуктарды «уу» деп атап, жаштардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирерин билдирди.
Министрдин айтымында, өлкөдө жыл сайын 54 млн литрден ашык энергетикалык суусундук ичилет. Алар оор илдеттерге алып келиши мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги алты ай ичинде тиешелүү мыйзамдык чараларды иштеп чыгууга даяр. Осмонов жарандарды демилгени колдоого чакырды.

