Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдит Эркин Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Нидерланды Королдугундагы жана Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги Туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду.
Ошондой эле ал президенттин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

