Садыр Жапаров айылдагы эски үйлөрдүн баарын мыйзамдаштырууну тапшырды


Президент Садыр Жапаров совет доорунан бери документи жок турган айыл үйлөрүн мыйзамдаштырууну тапшырды.
Мамлекет башчынын Чүй облусунун Москва районунун жашоочулары менен жолугушуусунда Ак-Торпок айылынын тургуну кайрылып, кайнатасынан калган үйдүн документтери жоктугунан аны өзүнө каттата да, жаңы курулуш жүргүзө да албай жатканын билдирген.
Президент жооптуу кызматкерлерге мындай учурларда жарандардын турак жайын документтештирип берүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, өлкө башчы совет мезгилинен бери жашап келе жаткандарга аталган үйлөрдү жеке менчикке арзан баада сатуу талабын койду.