10-ноябрда Бишкекте Илим күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын жашыл энергетикасы: илимди, инновацияларды жана инвестицияларды өнүктүрүү» аталышындагы форум өтөт. Катышуучулар энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу, энергияны үнөмдөө, инвестиция тартуу жана адистерди даярдоо маселелерин талкуулашат.
Программада эксперттердин баяндамалары, «InnovTech 2026» технологиялар көргөзмөсү жана тажрыйба алмашуу жолугушуулары каралган.

