Кыргызстанда 8-ноябрь саат 05:14тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөнү катталды.
Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты көздөй 5 чакырым аралыкта жайгашкан.
Бор-Дөбө айылында жер титирөөнүн күчү 3 баллды түздү.

