Өлкө аймагында бир апта ичинде 21 миң 812 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол эрежесин бузуу фактысы 30-октябрдан 5-ноябрга чейин катталган.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 632;
- Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу — 368;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 293;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 538;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу -1 055;
- Авто ээнбаштык — 26;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 924;
- Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу — 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 15 582;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 388 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

