Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жетиши күтүлөт.
Министрлик жарандарды сак болууга жана катуу шамал учурунда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

