Жалал-Абад облусунда курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропортту 2027-жылдын күзүндө пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоордун негизги багыты жүк ташуучу авиацияны өнүктүрүү болуп саналат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, аэропорт үчүн Жалал-Абад облусундагы алты-жети жер тилкеси каралып, Россия жана Түркиянын долбоорлоо институттарынын катышуусунда изилдөө жүргүзүлгөн. Натыйжада эл аралык каттамдарды тейлөөгө ылайыктуу деп азыркы курулуш жүрүп жаткан жер тандалган. Бул аймакта мурда аэропорт болгон эмес.
Долбоордо аэропортту жүк ташуучу авиациянын негизги борборлорунун бири катары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Буга жакын арада өтө турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун мүмкүнчүлүктөрү да негиз болгон.
“Бул аэропорт аркылуу жакынкы мамлекеттерден жүргүнчүлөрдү кабыл алууга, ошондой эле эл аралык жүк ташууларды уюштурууга шарт түзүлөт. Аймактын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аэропортту жүк ташуучу авиация багытында өнүктүрүүнү көздөп жатабыз”, — деди ал.

