Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын сегиз бөлүмүндө 300, ал эми Шаардык балдар тез жардам ооруканасында 50 орун даярдалды.
Минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов эки ооруканага барып, бейтаптардын саны көбөйгөн учурда аларды кабыл алууга даярдыгын текшерди.
Ал Саламаттык сактоо министрлигине бейтаптарды өз убагында кабыл алып, ооруканага жаткырууну, дары-дармектердин жетиштүү запасын жана медициналык мекемелердин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоону тапшырды.

