Мектептердеги кыргыз тили жана география мугалимдерине «Алтын казык» брендиндеги 6 миң ата мекендик ноутбук тапшырылды.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, алар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу жеткирилет.
Министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаевдин айтымында, бул этапта өлкөнүн география мугалимдери толугу менен ноутбук менен камсыздалат. Буга чейин 47 миңден ашык мугалим ноутбук алган. Жыл аягына чейин дагы 17 миңге жакын ноутбук тапшыруу пландалууда.
«Ноутбуктар Ислам өнүктүрүү банкынын, Билим берүү үчүн глобалдык өнөктөштүктүн жана Өнүктүрүү максатындагы ислам тилектештик фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Smart-Ed долбоорунун алкагында берилди», — деп айтылат маалыматта.
Алар мугалимдерге 7-9-класстар үчүн жаңыланган окуу-методикалык материалдарды жана санариптик ресурстарды колдонууга көмөк көрсөтөт.

