Бишкектеги Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан көп кабат үйдүн тогузунчу кабатындагы батирде газ жарылып, өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн бир тобу жана автошаты жөнөтүлгөн. Өрт саат 15:05те толук өчүрүлгөн.
Министрлик бир киши күйүк алганын кошумчалады.

