Эркинбек Исаковдун айланасындагы талаш-тартыштар: «Жаштык» аренасы жана Сухраб Жармукамедовдун иши боюнча суроолор


Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Эркинбек Исаковдун ишмердүүлүгү коомчулуктун көңүлүн кайрадан бурууда. Анын кандидаттык диссертациясына байланышкан плагиат чыры, «Жаштык» аренасынын айланасындагы мүлктүк маселелер жана Сухраб Жармукамедовдун камалышы боюнча айтылып жаткан маалыматтар коомчулукта олуттуу суроолорду жаратууда.
2018-жылы «Kloop» басылмасы «Диссернет» илимий эмгектердеги туура эмес өздөштүрүүлөрдү аныктоо менен алектенген коомчулук Эркинбек Исаковдун кандидаттык диссертациясынын 181 бетинин 140 бетинен башка эмгектер менен тексттик дал келүүлөрдү тапканын жазган. Кийин Исаков илимий даражасынан өз ыктыяры менен ажыратуу өтүнүчү менен Жогорку аттестациялык комиссияга кайрылганы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Ал эми 2026-жылдын октябрь айында анын илимий даражасынан ажыратылганы тууралуу кабар тарады. Бул чечимдин расмий негиздери коомчулукка толук түшүндүрүлүшү зарыл.

«Жаштык» аренасынын айланасындагы суроолор

Эркинбек Исаковдун «Жаштык» аренасына байланышкан ишмердүүлүгү да өзүнчө терең иликтөөнү талап кылат. Коомчулукта бул объекттин башкарылышы, мүлктүк укуктары жана ага байланыштуу талаш-тартыштар боюнча ар кандай маалыматтар айтылып келет. Айрым блогерлер дагы Исаковдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маалыматтарды жарыялап, коомчулукка мурда белгисиз болгон жагдайларды көтөрүп чыгышууда.
Мындан да олуттуу суроо — Сухраб Жармухамедов аттуу жарандын камалышы жана анын мүлкүнө байланышкан жагдайлар. Коомдук талкууларда Жармухамедов жасалма документтердин негизинде камакка алынганы, ошондой эле мүлктү башка адамдын атына өткөрүү боюнча күмөндүү жагдайлар бар экени айтылууда. Учурда анын абакта отурганы тууралуу маалыматтар да коомчулукту тынчсыздандырууда.
Бул жерде эң башкысы — айтылып жаткан маалыматтардын бардыгы расмий текшерилип, документтердин негизинде укуктук баа берилиши керек. Эгерде жасалма документтер колдонулганы же бирөөнүн мүлктүк укуктары бузулганы аныкталса, күнөөлүү адамдар мыйзам алдында жооп берүүгө тийишпи же тийиш эмеспи?
УКМК менен ИИМ эмне үчүн үн катпай жатат?
Эркинбек Исаков тууралуу блогерлер тарабынан бир нече маалыматтын бети ачылып, коомчулукта олуттуу суроолор жаралып жаткан учурда УКМК менен ИИМдин позициясы кандай? Бул маалыматтар боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатабы? Сухраб Жармухамедовдун иши кандай негизде каралууда? «Жаштык» аренасына байланышкан мүлктүк маселелер боюнча тиешелүү органдар кандай чараларды көрүштү?
Эгер бул маалыматтарда негиз бар болсо, анда компетенттүү органдар эмне үчүн коомчулукка расмий түшүндүрмө бербей жатат? Ал эми маалыматтар чындыкка дал келбесе, анда аны да расмий түрдө четке кагып, так жооп берүү зарыл.
Мындай жагдайда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун да көңүлүн буруу зарылдыгы келип чыгууда. Мамлекет башчысы коомчулукта көтөрүлүп жаткан бул суроолор боюнча тиешелүү органдарга тапшырма бербесе, жабылуу аяк катылуу боюнча тура береби?
Коомчулук жооп күтөт!
Эркинбек Исаковдун диссертациясына байланышкан плагиат маселеси, «Жаштык» аренасынын айланасындагы талаштар жана Сухраб Жармухамедовдун камалышы боюнча бардык жагдайлар качан каралат?
Бул жерде кимдир бирөөнү алдын ала күнөөлүү деп жарыялоо эмес, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана чындыкты аныктоо жөнүндө сөз болуп жатат.

УКМК, ИИМ жана прокуратура бул маселелер боюнча расмий позициясын билдирип, коомчулукка жооп берүүгө тийиш.
Элдин суроосу жөнөкөй: чындык качан ачыкка чыгат жана мыйзам кимге болбосун бирдей иштейби?