Кечээ, 13-ноябрда Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде элдин күнүмдүк жашоосуна, саламаттыгына жана тамак-аш коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси бар маанилүү илимий жыйын болуп өттү. Анда өлкөнүн алдыңкы окумуштуулары менен адистери чогулуп, Кыргызстанда биотехнология тармагын өнүктүрүү жана ар кандай жугуштуу оорулардан, биологиялык коркунучтардан коргонуу жолдорун талкуулашты.

Окуу жайдын Табигый илимдер факультетинин деканы, профессор Гүлбүбү Курманбекова алып барган жыйында татаал илимий терминдердин артында ар бир жарандын коопсуздугу турганы жөнөкөй тил менен түшүндүрүлдү. Тагыраагы, биотехнология — бул жаңы чыккан вирустарды убагында токтотуу, дары-дармектерди өзүбүздөн чыгаруу, айыл чарбасында түшүмдүүлүктү көбөйтүү жана таза азык-түлүк менен камсыз кылуу дегенди билдирет. Бул ошондой эле өлкөнүн коопсуздугу экенин дагы баса белгилеп өттү.
«Бүгүнкү күндө дүйнөлүк медицина жекече дарылоого жана молекулярдык генетикага өтүп жатат, бирок биздин окуу программаларда заманбап генетикалык анализдерди жасоо боюнча сабактар жетишсиз. Мындан тышкары, лабораториялар эл аралык сапат стандарттарына өтүп жатканы менен, студенттерге биокоопсуздук эрежелерин жана сапатты көзөмөлдөөнү окутуу дээрлик жокко эсе. Эң башкысы — окуудагы практика формалдуу түрдө өтүп, заманбап окуу базалары жок болгондуктан, студенттер реалдуу лабораториялык тажрыйба ала албай жатышат», — деди профессор Гүлбүбү Курманбекова.

Жыйында Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору Жайнагүл Исакова учурда айрым ДНК-анализдерди жасатуу үчүн үлгүлөр коңшу өлкөлөргө жиберилип жатканын, эми өлкөгө заманбап лабораторияларды куруп, криминалистикадан тартып медицинага жана мал-өсүмдүк селекциясына чейин иштей турган жергиликтүү адистерди окутуу зарылдыгын айтты.
«Учурда айрым ДНК-экспертизаларды жасоо үчүн үлгүлөр коңшу өлкөлөргө жиберилүүдө, ал эми 2026-жылы ИИМдин секвенатор сатып алышы жергиликтүү адистерге болгон муктаждыкты ого бетер күчөттү. Бизге заманбап генетикалык технологияларды өздөштүргөн молекулярдык биологдор криминалистикадан тартып, медицинага, айыл чарбасындагы мал-өсүмдүк селекциясына жана ата мекендик вакциналарды иштеп чыгууга абадай керек», — деди профессор Исакова.
Ал эми «Манас» университетинин профессору Кадырбай Чекиров жаңы оорулар жайылып кете электе вирустар менен бактериялардын түзүлүшүн алдын ала изилдөө керектигин айтып, Кыргызстандагы көпчүлүк үлгүлөр чет мамлекеттерде жасалып жатканын коркунуч катары сыпаттап, коңгуроо какты.
Дыйканчылык институтунун директору Биржан Усубалиев илимпоздордун тапкан ачылыштары кагазда эле калып калбай, дыйкандардын талаасына жана реалдуу өндүрүшкө жетиши керектигин түшүндүрдү. Ал ошондой эле Баткенде өскөн Айгүл гүлү тууралуу кызыктуу жана коркунучтуу маалымат менен бөлүшүп, коомчулукка актуалдуу болгон маселени көтөрдү.
«Кыргызстандын сыймыгы жана сейрек кездешүүчү баалуу мурасы болгон Айгүл гүлүнүн түпкү генетикалык, табигый түрүн өзгөртүүгө багытталган Голландиядагы селекциялык иштер коомчулукта жана адистер арасында олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Кылымдар бою Баткен жергесинде гана өсүп, кыргыз элинин улуттук символуна айланган бул уникалдуу өсүмдүктүн табигый тазалыгын бузуу жана аны жасалма жол менен башка түргө айландыруу — өлкөнүн генетикалык фондуна жана биологиялык ар түрдүүлүгүнө шек келтирген көрүнүш катары бааланууда. Мындай кадамдар улуттук эн белгибиз болгон Айгүл гүлүнүн түп нускасын жоготуп алуу коркунучун туудуруп, ата мекендик биокоопсуздук жана генетикалык ресурстарды коргоо маселесин ого бетер курчутууда» — деди Биржан Усубалиев.
Ошондой эле И. Арабаев атындагы КМУнун доценти Гүлнара Шаршеналиева бул тармакты өнүктүрсөк мамлекетке чоң киреше алып келерин белгилеп, атайын инвесторлорду тартуу маселеси бар экенин кошумчалады.

Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Бермет Худайбергенова өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдүн учурдагы жетишкендиктери менен кемчиликтерин ачык ортого салды. Жыйынтыгында окумуштуулар жөн гана сүйлөшүп тим болбостон, атайын чечим (резолюция) кабыл алышты — ага ылайык, элдин саламаттыгын бекемдөө, чет өлкөгө көз каранды болбоо жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекетке заманбап, атайын биотехнологиялык лаборатория куруу боюнча расмий сунуш киргизилмей болду.

