14-ноябрга карата аба ырайы


 Бүгүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Өлкөнүн башка аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Ысык-Көл облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында +8…+13, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +3…+8 градус болот.
Термометр Бишкекте +6…+8, Ош шаарында +11…+13 градусту көрсөтөт.