Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сентябрда орточо номиналдык эмгек акы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,4% өскөн. Август айына салыштырганда көрсөткүч 446 сомго көбөйгөн.
Айлык акынын эң жогорку өсүшү искусство жана көңүл ачуу тармагында (1,6 эсеге), саламаттыкты сактоодо (51,1%) жана билим берүүдө (47,6%) катталган.
Ошондой эле январь-октябрь айларында расмий катталган жумушсуздардын саны 34,9 миң адамды түзүп, бир жылда 14,9% азайган.

