Бир жумада 373 мас айдоочу кармалды


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 27 233 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 673;
  • Мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу — 373;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 189;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 621;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 1 030;
  • Автоээнбаштык — 29;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 1 269;
  • Жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 20 524.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 519 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.