Жол талашып мушташкан айдоочуларга жаза күчөтүлүшү мүмкүн


Жогорку Кеңеш жолдо мушташкан айдоочуларга карата жазаны күчөтүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Депутаттардын сунушуна ылайык, мындай укук бузуу үчүн биринчи жолу 10 миң сом айып пул салуу, ал эми алты ай ичинде кайталаган учурда айдоочулук күбөлүктөн алты айга ажыратуу каралууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Бактыяр Калпаев белгилегендей, өзгөртүүлөр жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана айдоочулар арасындагы агрессивдүү жүрүм-турумдун алдын алууга багытталган.