SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск АКШдагы ар бир балага компаниянын экиден акциясы берилерин билдирди. Анын бири SpaceX тарабынан, экинчиси Масктын жеке үлүшүнөн бөлүнөт. Компания ар бир активдүү «Трамп эсебине» А классындагы бирден жаңы акция чыгарат.
«Трамп эсептери» — 18 жашка чейинки америкалыктар үчүн инвестициялык эсептер. 2025–2028-жылдары төрөлгөн балдардын эсебине мамлекет баштапкы 1000 доллар которууну караштырган. Буга чейин Маск 2027-жылы балдарга SpaceXтин бирден акциясын берүүнү убадалаган. Акцияларды өткөрүп берүүнүн шарттары азырынча белгисиз.

