Бишкектин чыгышында ири жер тилкеси унаалардан жана курулуштардан бошотулду


Кеп Исакеев жана Чокан Валиханов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 33 миң чарчы метрден ашык тилке тууралуу болуп жатат.

Мэриянын айтымында, жер жеке жактарга унаа токтотуучу жай катары берилген, бирок алар иш жүзүндө автоунаа сатуу үчүн пайдаланып жүрүшкөн.

Түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды. Аймактан миңден ашык унаа алынып, 83 кеңсе жайы демонтаждалды. Ал эми тосмолорду ээлери өздөрү алып салышты.