Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду


Бишкектин Жал-23 кичи районунда уруксат документтери жок көп кабаттуу турак жай курууга аракеттенген «Мега Трест» ЖЧКсынын курулуш иштери токтотулуп, компаниянын лицензиясы жокко чыгарылды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Курчатов көчөсүндөгү 95 жана 97-даректерде тиешелүү уруксат документтери жок жер казуу иштери башталган. Буга чейин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы компанияга мыйзам бузууларды жоюу боюнча бир нече жолу эскертүү берген. Бирок талаптар аткарылган эмес.

2026-жылдын 27–29-октябрында жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгында компанияга 200 миң сом айып салынган.

27-ноябрда объекттеги курулуш-монтаждоо иштери толук токтотулуп, имаратка мөөр басылган. Ошондой эле компанияга котлованды кайра көмүп, жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү үчүн беш күндүк мөөнөт берилди.

Курулуш министрлиги курулуш иштерин тиешелүү уруксат документтеринин негизинде гана жүргүзүү керектигин эскертти.