Транспорт жана коммуникациялар министрине жаңы орун басар дайындалды


Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечими менен Дастан Усубакунов Транспорт министринин орун басары болду. Ал буга чейин «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Жаңы орун басар министрликтин ички башкаруусун, экономикалык талдоо иштерин жана башка мамлекеттик органдар менен байланышты көзөмөлдөйт.