Кыргызстандын адал азыктары Араб өлкөлөрүнүн рыногуна жол ачат


Стамбулдагы Дүйнөлүк адал саммитинде Кыргызстан SMIIC институту жана Сауд Арабиясынын «Elm» компаниясы менен маанилүү келишимдерге кол койду.  Бул макулдашуу кыргыз ишканаларына Перс булуңундагы бай өлкөлөргө адал товарларды тоскоолдуксуз экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Эл аралык «Halal Expo – 2026» көргөзмөсүндө «Шоро», «Тойбосс», «Алайку Органикс», «Салих ЛТД» жана «Дары Тянь-Шаня» бренддери өз продукцияларын ийгиликтүү сунуштап, чет элдик өнөктөштөр менен байланыш түзүштү.