Кылмыш-кырсык

Бишкекте ЖЭБдин кызматкери бийик тепкичтен кулап жаракат алды

Бишкек шаарындагы ЖЭБдин кызматкери, 1990-жылы туулган Д.Т., жумуш учурунда бийик тепкичтен кулап, жаракат алган. Бул тууралуу 29-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Кырсык 28-май күнү эртең менен болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары аны  дарыгерлерге өткөрүп беришкен. «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, «Д.Т. жумуш учурунда тепкичтен кулап түшүп, белинен жаракат алган. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Окуянын жагдайлары жана себептери такталууда, » — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button