Калдыргачтын уясы
Күн жылып, жазгы жумуш башталып, короо жайды жыйнап жүрсөм чырыктаган жагымдуу үн угулат. Туш тарабымдагы зымда эки чабалакей конуп турупутур, бир нерсе тууралуу сүйлөшүп чечише албай жаткандай. Аңгыча зуулдай учуп тереземден үйгө кирди. Ичимден оо кудай үйүмө кут келмей болду деп кубанып калдым. Анткени чабалекей уя салаарда үй тандайт, ал уя салган үйгө сөзсүз бакыт келет деп, бала кезимде чоң апам чабалакей тууралуу кызыктуу жомокторду көп айтып берээр эле. Ары учуп , бери учуп, ыңгайлуу жерди тандап, мык кагылган бурчагы тамдын боорундагы шыпка үй сала башташты. Сырттан чуркап кирген балам, чымчыктарды көрүп кубалап салайын апа, үйдү булгайт деп калды. Жок балам, тийбе бул ыйык чымчык, бакыт алып келет дей салдым. Анан баламды жаныма отургузуп, мурун чоң апам айткан баянды айтып бердим. Мен, сендей кичине кезимде чоң таэнең баарыбызды катар тизип, кечинде жатаарда күн сайын жомок айтаар эле, өзгөчө чабалекейди айт деп чурулдап суранаар элек. Адатынча чоң апам илгери, илгери деп баштап калаар эле. Бейишин берсин жакшы аял болчу. Балам да кызыгып калды, анан апа эмне болуптур айтчы деп этегимден тартты. Анда угуп тур деп баштадым. Илгери бир заманда жерди суу каптап баштайт, ошондо пайгамбарлардын бири кайык жасап, ага жаныбарлардын баарын салат аман алып калуу үчүн. Күн күркүрөп жамгыр аябай көп жаап, кургак жер калбай калат. Ошондо курсагы ачкан чычкан кайыкты кемирип тешип салат, ал тешиктен суу толуп кайык чөгө баштайт, ошондо пайгамбар жыланга айтат, куйругуң менен тешикти жаап тур, кургака чыкканда сен сыйга ээ болосуң дейт. Жылан макул болуп бир канча күн куйругу менен тешикти жаап турат. Ал эми пайгамбар, чычканга ачуусу келип, сени жер жүзүндө көрбөйүн дейт. Ошентип күн чыгып суу тартылып, баары кайыктан түшүп жашоо башталат. Чычкан уялып жерди казып жердин астына жашайт. Жылан пайгамбарга келип өзүнүн сыйлыгын сурайт. Пайгамбар чиркейге кайрылып, жер жүзүн айланып учуп тамактын эң даамдуусун таап кел деп жөнөтөт. Чиркей баарын чагып көрүп , жолдо келе жатып кичинекей баланы көрүп калат, ушуну да көрөйүнчү деп чакса каны аябай ширин болот. Ошол жерден пайгамбарга айтканы учуп жөнөйт. Жолдон чабалакей жолугуп, чиркейден таптыңбы деп сурайт, ал баланын эти даамдуу экенин айтат. Чабалакей саамга ойлонуп, эгер жылан билип калса, адамды жей турган болот дейт да, кана тилиңди көрсөтчү чын бекен дейт. Ал тилин чыгарганда тиштеп алат. Муну көргөн жылан куйругу менен чабалакейди чаап жибергенде чабалекейдин куйругу эки ажырайт . Ал эми чиркей тилинен айрылып сүйлөбөй калат.Ошол күндөн тартып, чабалекей жыландан качып адамдардын арасына үй салат. Ал эми чиркей адамдын каны менен тамактанып, жылан болсо өч алуу үчүн чабалекейди аңдып жүрөт экен,- деп жомогумду аяктадым. Балам аайии жакшы канатуу турбайбы буларды куубайм деди. Ошол жылы неберелүү болдук, үйүбүздө көп кубанычтуу күндөр болду.