Коом

Видео — Лукашенконун инаугурациясынан кийин нааразычылык акциясына чыккандар күч менен таратылды

Инаугурация аземи кечээ Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында өттү. Александр Лукашенко расмий түрдө Беларуссиянын Президенти кызматына киришти. Инаугурациядан кийин дароо Минскинин борборуна аскердик жүк ташуучу унаалар, суу бүрккөн машиналар тартылып, демонстранттарды чогулган жерлеринин курчоого алды.


Минск шаарында көптөгөн уюмдар жумушчуларды эрте бошотушкандыгы, ошондой эле кээ бир дүкөндөр демейдегиден эрте жабылганы, айрым университеттерде студенттер сабактан эрте бошотулганы маалымдалды.


Көп өтпөй эч кандай белгиси жок жашыл форма кийгендер пайда болду. Полиция кызгылт сары боёк менен аралаштырылган сууну суу бүркүп чачып баштады. Коопсуздук күчтөрү митингчилерди стеладан алысыраак түртүп жиберди. Кармоолор башталды.


Минскиде нааразычылыктар саат 23: 00дөн кийин аяктады. Каршылык акциялары Брест, Витебск, Могилев, Гродно, Борисов, Жодино, Бобруйск, Лида, Новополоцк шаарында да өттү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button