Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети «КР улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйам долбоорун биринчи окууда карады. Анда УКМКга жарандарга молекулярдык-генетикалык (ДНК) изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө ыйгарым укуктарды берүү каралган.
«2024-жылы УКМКнын тиешелүү бөлүмүндө адамдын ДНКсын изилдеген лаборатория ачылган. Кыргызстанда ДНК изилдөө медициналык башка эксперттик уюмдар тарабынан жүргүзүлбөйт. Укук коргоо органдарынын кызыкчылыгын канааттандыруу жана жеке жарандардын кызыкчылыгы менен эскперттик изилдөө жүргүзүү максатында ушундай сунуш менен келип жатабыз», — деди УКМКнын төрагасынын орун басары Абдыкадыр Рызаев.
Ал жогоруда айткан даборатория молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жол берип, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын алдын алуу жана алардын бетин ачуу боюнча заманбап жана натыйжалуу ыкмаларды колдонууга шарт түзө турганын белгиледи.
«Лабораторияда жүргүзүлүүчү изилдөөлөр, анын ичинде ДНК анализи кылмышкерлерди аныктоодо жана биологиялык туугандыкты текшерүүдө кеңири
колдонулат», – деди ал.
Анын айтымында, мындай лабораториянын Кыргызстанда аналогу жок.
«Лабораториянын мындан ары иштеп кетиши үчүн кымбат баалуу реагенттерди жана керектелүүчү материалдарды мезгил-мезгили менен сатып алып туруу зарыл», – деп
кошумчалады ал.

